Административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмү

Бөлүм жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат: — республиканын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча маалыматтар базасын түзөт жана аны ыкчам жаңылоону камсыз кылат; — ААТ маселелери боюнча топтомо маалыматты даярдайт, ААТны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Агенттиктин жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет; — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (ВАК) жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш жүргүзөт; — ВАКтын кароосуна келип түшкөн документтерди алдын ала кароону жүзөгө ашырат жана Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун даярдайт; — Ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусунан кийин калктуу конуштарды жана башка географиялык объекттерди атоо, кайра атоо боюнча, калктуу конуштарды айыл (шаар) категориясына киргизүү боюнча, администрациялык-аймактык реформа маселелери жана ААТнын башка маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт; — Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик класификаторуна (АААБОБС) киргизилген администрациялык-аймактык бирдиктердин аталыштарын мамлекеттик жана расмий тилдерде шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүзөт; — ААТ маселелери жана географиялык аталыштар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, башка юридикалык жана жеке жактардын арыздарын, кайрылууларын карайт; — ААТ жана географиялык аталыштар маселелери боюнча тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Илимдер академиясы, ошондой эле башка илимий институттар жана уюмдар менен биргелешип иш жүргүзөт; — ААТ жана географиялык аталыштар маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга, макулдашууга катышат; — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан административдик-аймактык түзүлүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышынын абалына мониторинг жүргүзөт.  
Бөлүм башчы Исалиева Венера Алкановна 662576,                  0702225700 v.alkanovna@gmail.com
Башкы адис Самаган Карыя 622457, 0220678000 samkar.kg@mail.ru
Жетектөөчү адис Нуржан кызы Аксана 662576, 0500779978 aksana.nrk@gmail.com
Адис Абдыраимов Талгарбек Эмилбекович 622457, 0708636666 talgar.abdyraimov@mail.ru