Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
мыйзамдар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн

• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).

Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— гуманитардык багыттагы жогорку билим (философия, политология, психология, тарых, юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, филология, дене тарбия, спорт, туризм);
— социалдык багыттагы жогорку билим (социология, социалдык иштер, жаштар менен иштөөнү уюштуруу);
— педагогикалык багыттагы жогорку билим;
— саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;
— экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим (экономика, менеджмент, коммерция, соода иши, бизнес информатика, логистика, бизнес башкаруу, персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу);
— айыл чарба багытындагы жогорку билим (агрономия, агроинжинерия, зоотехния, ветеринария, айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы, жерге жайгаштыруу, геология);
— архитехтура жана курулуш багытындагы жогорку билим;
— эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багытындагы жогорку билим (информатика жана эсептөө техникасы, информациялык система жана технологиялар, интернет технологиялар жана башкаруу).

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөсүндөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы, КР КРнын Эмгек кодекси, КРнын жер кодекси, КРнын салык кодески, КРнын үй-бүлө кодекси, КР “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, КР “Саясий атайын мамлекеттик муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын, “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосун, “КР мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосун, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын” жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1. Кесиптик билим денгээли:
— экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;
— айыл чарба багытындагы жогорку билим;
— архитехтура, жол жана курулуш багытындагы жогорку билим;
— табият таануу илимдери багытындагы жогорку билим;
— энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;
— башкаруу багыттагы жогорку билим ;
— саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;
— гуманитардык багыттагы жогорку билим
— педагогикалык багыттагы жогорку;
— гуманитардык багыттагы жогорку билим ;
— социалдык багыттагы жогорку билим;
— маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.

2. Иш тажрыйбасы жана стажы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөндөгүлөрдү билүү:
КРнын Эмгек кодекси, КРнын жер кодекси, КРнын салык кодески, КРнын үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы, КР Эмгек кодексин, КР “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жашыруун иш кагаздар жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”, КР “Кыргыз Республикасынын инвестиция жөнүндө” Мыйзамын, КР Жер кодексин, КР Салык кодексин, КР Бюджеттик кодексин, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбаны өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамын, КР “Автомобильдик транспорт жөнүндө” Мыйзамын, КР “Архитектура жана шаар куруу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Энергетика жөнүндө” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын кендер жөнүндө” Мыйзамын., КР “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” Мыйзамын, КР “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын, КР “Диний уюмдар жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө” Мыйзамын, КР “Коррупцияга каршы аракетенүү жөнүндө” Мыйзамын, КР “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын, 2003-жылдын 24-июлундагы №462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун, КР “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын, КР “Билим берүү мекемелери жөнүндө” Мыйзамын, КР “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамын, КР “Дене-тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын, КР Үй-бүлөө кодексин, КР Балдар кодексин, КРӨнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №823-токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобосун.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1. Кесиптик билим денгээли:
— экономика жана башкаруу багыттагы жогорку билим;
— айыл чарба багытындагы жогорку билим;
— энергетика жана электроэнергетика багытындагы жогорку билим;
— башкаруу багыттагы жогорку билим ;
— саламаттыкты сактоо багыттагы жогорку билим;
— гуманитардык багыттагы жогорку билим
— педагогикалык багыттагы жогорку;
— гуманитардык багыттагы жогорку билим ;
— социалдык багыттагы жогорку билим;
— маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.

2. Иш тажрыйбасы жана стажы:
– иш стажына талаптар коюлбайт.

3.Кесиптик компетентүүлүгү:
Төмөндөгүлөрдү билүү:
КР Жер кодексин, КР Салык кодексин, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасын өнүктүрүү” Мыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, КР Бюджеттик кодексин, КР “Республикалык бюджет” Мыйзамын, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын., КР “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын, КР “Саламаттыкты сактоо мекемелери жөнүндө” Мыйзамын, КР “Маданият жөнүндө” Мыйзамын, КР “Китепкана иштери жөнүндө” Мыйзамын, КР “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Туризм жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Мыйзамын КР “Кыргыз Республикасынын инвестиция жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-апрель 2015-жылдагы №230 токтому менен бекиген “Үлүштүк гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу”

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн):

-Жеке арыз;
-паспорттун көчүрмөсү;
-резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баяны
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматы.

Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери боюнча башкы адис Э.Токтогуловага тапшыруу зарыл.
Дареги: Ак-Талаа району, Баетов айылы, Мурзалымбеков көчөсү №16 (Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациянын 2 кабаты, 20-кабинет) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2022-жылдын 15 -мартынан 26-мартка саат 18-00 го чейин кабыл алынат.

Сурап-билүү телефону: (03537) 92-1-58, (03537) 92-1-60, 0701 212131

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.