Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамалкеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору
— Джантаев Элчибек Нуржадыевич Ош облусуна иш сапары менен барды. Иш сапардын жүрүшүндө бир нече республикалык жана аймактык маданий-социалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерине байланышкан иш чараларга катышмакчы.
Ири алды, бүгүн Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн коллективи жана айылдык кенештин депутаттары менен жолугушту. Иш чаранын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурда алып барып жаткан иштери менен жеринен таанышты. Жолугушууда жаңы түзүлгөн Агенттиктин ишмердиги, мамлекеттин жаңы кадр саясаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерин жогорулатуу маселелерине кеңири токтолуп, жамааттардын суроолоруна жооп берди.
Ошондой эле, Агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич Гүлчө айылындагы бирден бир маданий ордо болгон, тарыхый инсан Курманжан Датка энебиздин музейине зыярат жасады.
P.S. Сүрөттөр телефонго тартылган жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнө таандык.
Возможно, это изображение (5 человек, люди сидят и люди стоят)Возможно, это изображение (7 человек, люди сидят и в помещении)Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят, дорога и текст «SHOT SHM ON REDMI Al QUAD CAMERA»)Возможно, это изображение (6 человек, люди стоят, на открытом воздухе и текст «SHOT ON REDMI9 Al QUAD CAMERA»)