Ысык-Көлдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган республикалык семинар-кеңешме башталды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Уңгужол жамааттардын демилгеси жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу республикалык семинар-кеңешме өз ишин баштады.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагында өтүп жатат.
Семинар-кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович, Агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген өкүлдөр катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдык өнүгүү жолу, жергиликтүү жамааттардын демилгелери, мыкты тажрыйбалар жана аймактарды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары талкууланат.

wpChatIcon
wpChatIcon