Ысык-Көлдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган республикалык семинар-кеңешме өтүп жатат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Уңгужол жамааттардын демилгеси жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу республикалык семинар-кеңешме Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагында өтүп жатат. Иш-чаранын алкагында катышуучулар Ысык-Көл айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тажрыйбалары менен таанышып, кол өнөрчүлүк буюмдарынын, маданий баалуулуктардын, айыл чарба жана коммуналдык техникалардын, инфраструктуралык долбоорлордун көргөзмөлөрүнө күбө болушууда. Ошондой эле семинардын катышуучулары арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол Жарлыгынын алкагында «Акыл Майдан» интеллектуалдык долбоору өткөрүлүүдө. Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович, Агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович жана башка өкүлдөр катышууда. Семинар-кеңешменин жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдык өнүгүү жолу, жергиликтүү жамааттардын демилгелери, мыкты тажрыйбалар жана аймактарды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары талкууланууда. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көлдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган республикалык семинар-кеңешме башталды Ысык-Көлдө «Акыл Майдан» интеллектуалдык таймашы өтүүдө