Ысык-Көлдө «Акыл Майдан» интеллектуалдык таймашы өтүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагында «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл — уңгужол, жамааттардын демилгеси жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу республикалык семинар-кеңешме өткөрүлүүдө. Семинар-кеңешменин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын негизинде «Акыл Майдан» интеллектуалдык долбоору уюштурулууда. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана «Акыл Майдан» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, билим деңгээлин жогорулатууга жана лидерлик сапаттарын чыңдоого багытталган. «Акыл Майдан» — билимди, логикалык ой жүгүртүүнү, ыкчам чечим кабыл алууну жана командалык ишти талап кылган интеллектуалдык таймаш. Бул таймашка Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Нарын облустарынан түзүлгөн мыкты командалар катышып, өздөрүнүн билимин, стратегиялык ой жүгүртүүсүн жана командалык духун көрсөтүүдө. Мыкты идеялар. Терең билим. Туура чечимдер. Ким алдыда болорун — «Акыл Майдан» аныктайт! Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көлдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган республикалык семинар-кеңешме өтүп жатат