Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
-Жогорку билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
-Жогорку билим;
– иш стажы талап кылынбайт.
-Улук административдик кызмат орундарына талапкер болгон талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
-Жалпы Мыйзамдарды билүү үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2)»Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
-«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кенже административдик кызмат орундарына талапкер болгон талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
-Жалпы Мыйзамдарды билүү үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:
-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндөгү жобосу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 Токтому;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
-Жеке арызы;
-Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны(сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама)
-Негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтеринин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
-Кесиптик билимдин дещгээли: Жогорку билим -гуманитардык (философия,саясат таануу,психология,тарых,юриспруденция,журналистика,эл аралык мамилелер,филология,маданият таануу),экономика жана башкаруу (экономика,менеджмент, персоналды башкаруу, бизнести башкаруу, мамлекеттик жана мунипалдык башкаруу,маркетинг) жана коомдук илимдер.
-Эмгек китепчесинин (иш стажысы бар болсо)мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
-Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документеринин (бар болсо)мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
-Папорттун көчүрмөсү ( түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
– Конкурск жарыяланган күндөн тартып 10 күн ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер делого тиркелип, Ат-Башы айылы, М.+мүракунов көчөсү №133, Ат-Башы райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.
Сурап билүү байланыш номер: 0(3534)6-00-41
Квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт.