Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмү  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде  улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү максатында ачык сынак жарыялайт.

 

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар резервине сынак төмөнкүдөй өткөрүлөт:

  • Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна
  • Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна

Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар:

1.Кыргыз Республикасынын жараны болууга

2.21 жаштан жаш болбоого

3.Соттуулугу жок

4.Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу башкы адис үчүн:

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1кесиптик билимдин деңгээли:

— “Гуманитардык илимдер”,”педагогикалык” боюнча жогорку билими;

2иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

1)    Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6)“Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 Токтому.

7)“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8)“Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9)“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10)”Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 сандуу токтому

— билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу жетектөөчү адис үчүн:

Кенже тобу үчүн административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-“Гуманитардык илимдер”,  “педагогикалык”  боюнча жогорку билими;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

1)“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2)“Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3)“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4)”Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 сандуу токтому

билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

-өздүк баракча, 1 сүрөт (3*4)

— скоросшиватель.

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

 Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн тартып  10 календардык күндүн ичинде саат 8.30дан 17.30га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек.

Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү № 103

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2-этажы

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмү