Бакай- Ата районунун  Биримдик  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде башкы, улук, кенже  кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Бакай-Ата районунун Биримдик айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:                                                                                                                              Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;2) 18 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.1.Административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна  (Башчынын орун басары-жооптуу катчы)

Кесиптик билимдин деңгээли:

-Бардык багыттагы жогорку билим;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3(үч) жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5(беш)  жылдан кем эмес иш стажы;

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы ;
    3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
    8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
    9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жонундогу Конституциялык мыйзамы”;

-Кыргыз Республикасынын  “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын    2022-жылдын 02 февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо;

 

 

 

 

 

 

-Кыргыз Республикасынын    2022-жылдын 02 февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;

-Кыргыз Республикасынын    2017-жылдын 31 январындагы № 17 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө жобо;

-адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

  • билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг -жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

  • көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана -милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик муниципалдык улук кызмат

орундары үчүн (жалпы мыйзамдарды билүү) төмөнкүлөрдү билүү:

 

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

 

 

 

 

 

 

— көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

2.Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна (С-А)

( каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна-1орун)

Кесиптик билимдин деңгээли:

-Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын салык кодекси;

Кыргыз Республикасынын  бюджеттик кодекси;

Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын    2022-жылдын 02 февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

3.Административдик кызмат орундарынын улук тобу С-Б

(коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар, коррупция, пробация, укук бузуулар боюнча башкы адис-1орун)

Кесиптик билимдин деңгээли

— жогорку билим (баардык багыттагы) ;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ощондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы ;

Кыргыз Республикасынын  “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана кутаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын    Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын    Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;

-“Аймактарды топторго, уюмдарды-Жарандык коргонуу боюнча категоряларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын    Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби  бекитүү жөнүндө” токтому;

 

 

 

 

 

-Кыргыз Республикасынын    Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын    Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды  эвакуациялоо тартибин  бекитүү жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын    Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

4.Административдик кызмат орундарынын улук тобу С-Б

(жер, турак жай, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча  башкы адис -1орун)

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу,юридикалык,гуманитардык ж/а айыл чарба илимдери, геодезия ж/а жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу ж/а башкаруу, архитектура ж/а курулуш, токой ресурстарын кайталдап өндүрүү жана кайра иштетүү, геология, чалгындоо ж/а кендерди иштетүү багытындагы);

– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ощондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы ;

Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;

Кыргыз Республикасынын  “Өсүмдүктөрдүн  карантини жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Жайыттар  жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын   “мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө”  мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 “Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин берүү  тартибин  жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

-Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому;

-Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

5.Административдик кызмат орундарынын улук тобу С-Б

(социалдык маселелер боюнча башкы адис-1орун)

Кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим (тейлөө сферасы, маданият жана искусство, социалдык илимдер,гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү, табият таануу илимдери);

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

       – предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы ;

Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жөлөк пулдар жнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамы;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

Административдик муниципалдык кенже кызмат

орундары үчүн (жалпы мыйзамдарды билүү) төмөнкүлөрдү билүү:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.

 — билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

6.Административдик кызмат орундарынын кенже кызмат (М-А) тобу

(киреше боюнча жетектөөчү адис-1орун)

Кесиптик билимдин деңгээли

— тийиштүү багыттагы жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билим Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талаптар коюлбайт;

– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык мыйзамы”;

-Кыргыз Республикасынын салык кодекси;

-Кыргыз Республикасынын  бюджеттик кодекси;

-Кыргыз Республикасынын  “Салыктар эмес кирешелер  жөнүндө” кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамы;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

  1. Административдик кызмат орундарынын кенже кызмат (М-А) тобу

(персоналды башкаруу, санариптештирүү жана архив иши боюнча  боюнча жетектөөчү адис-1орун)

Кесиптик билимдин деңгээли

— жогорку же болбосо атайын  орто кесиптик билим ;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талаптар коюлбайт;

 

 

  – предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык мыйзамы”;

Кыргыз Республикасынын  “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын   Эмгек кодекси;

Кыргыз Республикасынын    “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолору жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын    2022-жылдын 02 февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо;

Кыргыз Республикасынын    2022-жылдын 02 февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;

Кыргыз Республикасынын    2017-жылдын 31 январындагы № 17 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө жобо;

 

8.Административдик кызмат орундарынын кенже кызмат (М-А) тобу

(мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис-1орун)

Кесиптик билимдин деңгээли

— жогорку же болбосо орто кесиптик билим.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талаптар коюлбайт;

– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык мыйзамы”;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

9.Административдик кызмат орундарынын кенже кызмат (М-Б) тобу

(социалдык маселелер боюнча адис-1орун)

Кесиптик билимдин деңгээли

— жогорку же болбосо орто кесиптик билим ;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талаптар коюлбайт;

– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

-Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы ;

 

 

 

 

 

-Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жөлөк пулдар жнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын  “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамы;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

10.Административдик кызмат орундарынын кенже кызмат (М-Б) тобу

(киреше боюнча адис-1орун)

Кесиптик билимдин деңгээли

— жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

 Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талаптар коюлбайт;

– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык мыйзамы”;

-Кыргыз Республикасынын салык кодекси;

-Кыргыз Республикасынын  бюджеттик кодекси;

-Кыргыз Республикасынын  “Салыктар эмес кирешелер  жөнүндө” кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамы;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билуу;

-компьютердик сабаттуулук жана керектуу программалык продуктыларды билуу (Word,Exsel, Санарип, СЕД, маалыматтык укуктук системасы)

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

кадрларды каттоо баракчасы,сүрөт 4х6(2 даана ), өмүр баян;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя гезит бетине  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:00 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Бакай-Ата району, Ак-Дөбө  айылы,  Айдар  көчөсү б/н, Биримдик айыл өкмөтүнүн имараты, Моб. 0701 34 34 59

Кошумча маалымат алуу учун Квалификациялык талаптарды кененирээк MKK.gov.kg сайтынан караныздар.