Бакай- Ата районунун  Күмүштак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:                                                                                                                              Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;2) 18 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.1.Бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна(М-А)  (Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис)

Кесиптик билимдин деңгээли:

— Айыл чарбасы, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, техникалык илимдер жана табият таануу илимдери, юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттагы орто кесиптик билим.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

— Иш стажына талаптар коюлбайт.

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 – предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;

3)   Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана           жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;

4)        Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий

тилдерди билүү.

 

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

 

 

 

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билуу;

-компьютердик сабаттуулук жана керектуу программалык продуктуларды билуу (Word, Exsel, СЭД, маалыматтык укуктук системасы)

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

кадрларды каттоо баракчасы,сүрөт 4х6 (2 даана ), өмүр баян;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя сайтка  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-00 дон  18:00 го чейин тапшыруу керек.

Дареги: Бакай-Ата району, Боо-Терек  айылы,  Ч. Сатаев көчөсү № 143, Күмүштак айыл өкмөтүнүн имараты, Моб. 0708  726263