Улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү адистик (багыттар) боюнча жогорку билим: гуманитардык, юридикалык, социалдык илимдердеги багыттар боюнча.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү керек.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
— Негизги мыйзам актыларын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”.
- Предметтик төмөндөгү мыйзамдарды билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Балдар кодекси, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттыкты сактоо”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Үй –бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө”, “Социалдык фонд жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Кенже кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү адистик багыттагы жогорку же орто кесиптик билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
Ошондой эле тиешелүү тармактагы предметтик мыйзамдарды:: “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламатты сактоо”, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билимс берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөдөгү зомбулуктан чоциалдык-укуктук коргоо жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө.
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- өзүнүн арызы;
- 3х4 сүрөт (2 даана)
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты тиркөө);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, “Балыкчы” шаардык коомдук-саясий гезитине жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөндөгү дарек боюнча тапшыруу керек:
Балыкчы шаары Ж. Абдрахманов көч 258
Балыкчы шаарынын мэриясынын имараты 3 кабат. №32 кабат
Кошумча маалыматты тел 0394432771 жана mkk.gov.kg сайтынан маалымат алсаңыздар болот
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.