2022-жылдын 23-апрелинде
Ош Мамлекеттик Университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи жана Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы менен биргеликте “Бош орундар жарманкесин” уюштурулуп, ага Ош облусунун:
— Араван районунун бардык айыл өкмөт башчылары;
— Кара-Суу районунун Шарк, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак, Нариман, Папан айыл өкмөттөрүнүн башчылары;
— Ноокат районунун Ынтымак, Он-Эки-Бел, Кара-Таш, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары;
— Өзгөн районунун Ак-Жар, Жалпак-Таш, Көлдүк, Ийри-Суу, Чангет, Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчылары чакырылып, “Бош орундар жарманкесине” аталган райондордун айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылары келип катышты.
Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты – окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы бош жумуш орундарына жумушка орношууну камсыз кылуу жана колледж менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташуусун жогорулатуу болуп саналат.
Жарманкеде Ош Мамлекеттик Университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин мугалимдер жамааты өздөрүнүн аткарып жаткан иштери менен катышуучуларды тааныштырып, студенттер жана бүтүрүүчүлөр үйрөнгөн окуу-материалдарын практика жүзүндө кандай колдонуп жаткандарын слайддар менен баяндап беришти.
Жарманкеге Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адистери З.Т.Тургунбаев жана Г.Т.Ыбышовалар да катышып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, жарманке абдан кызыктуу жана пайдалуу өткөндүгү катышуучулар тарабынан белгиленди.
Жыйынтыгында, колледждин студенттери Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү тутумдарын ишке киргизүүдө көмөк көрсөтүүлөрү жана мындан ары аталган колледж менен ар түрдүү кызматташуу келишимдерин түзүү боюнча макулдашылды.