Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын

башкы адисине (У-Б)  коюлуучу квалификациялык талаптар:

 

Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Жалал-Абад облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

3.1 Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
    3. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
    4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
    5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
    6.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
    7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Эмгек Кодексин;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамдарын билүү.
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомун 30 май 2011-ж. №264;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Иш-сапар чыгымдардын нормаларын белгилөө жана тартип менен ордун толтуруу жөнүндө” токтомун26.08.2008-ж. №471;
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коомдук мекемелерде тамактануун акчалай нормалары жөнүндө” токтомун 15.01.2008 №7;
  9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана түзүм алдындагы мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомун 10.02.2012-ж.№85;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Дене тарбия жана спорт объектеринин Республикалык реестри жөнүнүндө Жобону бекитүү туралуу” токтомун 22.01.2013-ж.№25;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жетектөөчү спортсмендердин стипендиясы жөнүндө” токтомун 23.08.2011-ж.№492;
  12. мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта иштеген стажына пайыздык үстөк акыларды төлөөнүн тартиби жөнүндө 02.08.2022-ж.№25;

билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык       продуктыларды колдоно билүү.

 

 

Документтер газетага жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттө төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Жалал-Абад шаары, Тоголок Молдо көчөсү №80 телефондор:  (03722) 7-19-72, 7-33-66  факс7-19-72

Кошумча маалыматтарды www.sport.qov.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска чакырылат.