Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу бөлүмүнүн
2022-жылдын 24-28-октябрында аткарган иштери
1. 2022-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын системасын өнүктүрүү боюнча улуттук артыкчылыктарды талкуулоого арналган тегерек стол өткөрүштү. Аталган иш-чарага Агенттиктин атынан бөлүмдүн кызматкери катышты. Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Биоартүрдүүлүктү сактоо жана ӨКЖА департаменти жана БУУӨП тарабынан БУУӨП/ГЭФ «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
2. Бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 31-октябрындагы көчмө жыйынына маалыматтар даярдалып жатат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтом долбоору иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга макулдашууга 2022-жылдын 13-октябрында чыг. № 01-14/123 каты менен жиберилди. Тиешелүү мамлекеттик органдардан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды карап чыгып, долбоорду жеткире иштеп чыгуу боюнча жумуш жүрүп жатат.
4. 2022-жылдын 27-октябрында USAIDдин “Жигердүү жарандар” программасынын алкагында “Аракет сөзсүз акталат!” конференциясы болуп өттү. Конференция жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке сектордун өкүлдөрү жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешип, кантип иш алып бараарын жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жарандык катышуунун маанилүү ролун көрсөтө алышты.
Ошондой эле, жыйындын аягында Ош шаарынын Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Максутов Кылыч Замировичке “Жигердүү айыл өкмөтү” номинациясын жеңип алгандыгын куттуктап, бөлүм башчы Т.Э. Мамасалиева сыйлыгын тапшырды.
5. Бөлүм тарабынан келип түшкөн укуктук ченемдик актылардын долбоорлору, жогору турган органдардын тапшырмалары жана жарандардын кайрылуулары өз убагында аткарылышы көзөмөлгө алынган.
6. Ошондой эле, бөлүм тарабынан үзгүлтүксүз негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук, консультативдик жана практикалык жардам көрсөтүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *