КР МК караштуу Мамалкеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору — Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин аймактарга болгон иш сапары менен барып келди. Кечеги күнү Ош шаарында Агенттик менен эл аралык жана коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган иш чарага катышты.
Тактап айтсак: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
ЖАРАНДАРДЫН ЖАКШЫ ЖАШООСУНА ӨБӨЛГӨ БОЛУП БЕРЕ АЛАБЫ?- аталышындагы тематикалык семинары өттү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын, Казакстандын, Өзбекстандын, Латвиянын, Швейцариянын, Нидерландиянын, Орусия Федерациясынын, Түркиянын, Монголиянын жана башка өлкөлөрдүн жергиликтүү өнүгүү жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүшөт. “Жакшырган жашоо шарттары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” деген темадагы Конференциянын катышуучулары жана коноктору жарандар бюджеттик процесске, экономиканы, мейкиндикти жана коомду өнүктүрүүнү пландаштырууга кантип катыша аларын, кызмат көрсөтүүлөргө кантип мониторинг жүргүзсө болорун айтып беришти.
Жарандардын катышуусу шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө баалуу салым кошуп жатканын, ошондой эле укуктук мамлекеттин зарыл шарттарынын бири болгонун практикалык мисалдардын негизинде көрсөтүп берүү – бул эл аралык конференциянын максаты. Конференциянын программасында Кыргыз Республикасынын, Европа Кеңешинин жергиликтүү жана регионалдык бийликтер Конгрессинин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жогоруда аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн баяндамалары каралган.
Конференциянын катышуучулары, мисалы, Кыргызстанда пандемия учурунда Жарандык онлайн-бюджет кандай мүмкүнчүлүктөрдү берерин, Орусияда жана Монголияда жергиликтүү бюджетке катышуу кантип жолго салынганын, Швейцариянын жарандарында курулуштарга таасир этүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар болгонун, коммерциялык эмес уюмдардын жардамы менен Казакстандагы жана Кыргызстандагы жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүүлөр кантип уюштурулганын биле алышат.
Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы.

Сиз өткөрүп жибердиңиз