1. 2022-жылдын 10-июнунда (чыг. № 01-24/730) Агенттиктин директорунун орун басары Р.М. Алыкуловдун жетекчилигинин астында               2022-жылдын 3-июнунда мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча болуп өткөн жыйындын протоколу түзүлүп, сунуштар ЖӨБ Союзуна, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтүлдү.
  2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда, Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер үчүн Колдонмону бекитүү тууралуу биргелешкен буйрук иштелип чыгып, кол коюлду.
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын                    2022-жылдын 6-июнундагы № 19-22403келип түшкөн «Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү структурасын, штаттык ырааттамаларын жана санын бекитүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору кайрадан карап иштелүүдө, министирликтен жана ведомстволордон келген макулдашуу барактары жыйналууда, жана иштелүүдө.
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин 2022-жылдын 4-мартындагы                 № 20-696 тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарындагы укуктук документтери жок жерлерди, имараттарды жана бош жаткан жерлерди тактоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилген каттын негизинде жоопторду жыйноо менен тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
  5. 2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын №19-12200 тапшырмасы боюнча Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан “Алымбек Датка” эс алуу жайынын аймагындагы Ж. Раимкулов атындагы № 67 кесиптик лицейинин балансында турган 5-01-0002-0135 коду менен катталган 1575,0 чарчы жер тилкесинде жайгашкан, суу сактоочу кампаны Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен тактоо иштери алып барылууда.

2022-жылдын 6-июнунда № 01-24/710 сандуу каты менен Агенттик, Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан “Алымбек Датка” эс алуу жайынын аймагындагы Ж. Раимкулов атындагы № 67 кесиптик лицейинин балансында турган суу сактоочу кампаны Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кесиптик башталгыч билим берүү тутумун башкарган мамлекеттик орган катары өз позицияларын билдирүү максатында кат жиберилди.

  1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде, Боз-Учук айыл аймагындагы мүлктөр боюнча көйгөйдү чечүү максатында Агенттиктин тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте керектүү документтер айыл өкмөттөн алынып такталууда.
  2. 2022-жылдын 9-июнунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык ыраттамасы боюнча агенттиктин кызматкерлери үчүн өткөн талкуу жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын                         26-июнундагы № 278 “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө” жана 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкты ишке ашыруу боюнча жумуш алынып барылып жатат.
  4. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын                               17-августундагы №490 токтомун ишке ашыруу боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келген маалыматтарга талдоо (анализ) жүргүзүлүп жатат.
  5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин 2022-жылдын 4-мартындагы                 № 20-696 тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймактарындагы укуктук документтери жок жерлерди, имараттарды жана бош жаткан жерлерди тактоо боюнча маалыматтар чогултулуп жаткандыгы тууралуу 2022-жылдын 31-майында № 01-9/298 сандуу каты менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Арминистрациясына кат жиберилди.
  6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2022-жылдын 19-майындагы протоколдук тапшырмасына ылайык,муниципалдык менчикте турган билим берүү (мектеп, бала бакча) жана маданият тармагындагы (клуб, маданият үйү, китепкана, музей) мекемелер тууралуу маалыматтарды чогултуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.                                                                                                                                                                                                                                                                                                             2021-жылдын 6-10-июнунда аткарган иши жөнүндө маалымат

 

КР МК караштуу Мамалкеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору — Эльчибек Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин аймактарга болгон иш сапары уланууда. Бүгүн Ош шаарында Агенттик менен эл аралык жана коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган иш чарага катышууда.
Тактап айтсак: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
ЖАРАНДАРДЫН ЖАКШЫ ЖАШООСУНА ӨБӨЛГӨ БОЛУП БЕРЕ АЛАБЫ?- аталышындагы тематикалык семинары өтүүдө.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын, Казакстандын, Өзбекстандын, Латвиянын, Швейцариянын, Нидерландиянын, Орусия Федерациясынын, Түркиянын, Монголиянын жана башка өлкөлөрдүн жергиликтүү өнүгүү жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүшөт. “Жакшырган жашоо шарттары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” деген темадагы Конференциянын катышуучулары жана коноктору жарандар бюджеттик процесске, экономиканы, мейкиндикти жана коомду өнүктүрүүнү пландаштырууга кантип катыша аларын, кызмат көрсөтүүлөргө кантип мониторинг жүргүзсө болорун айтып беришет.
Жарандардын катышуусу шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө баалуу салым кошуп жатканын, ошондой эле укуктук мамлекеттин зарыл шарттарынын бири болгонун практикалык мисалдардын негизинде көрсөтүп берүү – бул эл аралык конференциянын максаты. Конференциянын программасында Кыргыз Республикасынын, Европа Кеңешинин жергиликтүү жана регионалдык бийликтер Конгрессинин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жогоруда аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн баяндамалары каралган.
Конференциянын катышуучулары, мисалы, Кыргызстанда пандемия учурунда Жарандык онлайн-бюджет кандай мүмкүнчүлүктөрдү берерин, Орусияда жана Монголияда жергиликтүү бюджетке катышуу кантип жолго салынганын, Швейцариянын жарандарында курулуштарга таасир этүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар болгонун, коммерциялык эмес уюмдардын жардамы менен Казакстандагы жана Кыргызстандагы жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүүлөр кантип уюштурулганын биле алышат.
Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы.Возможно, это изображение (2 человека и люди стоят)Возможно, это изображение (13 человек, люди стоят и в помещении)Возможно, это изображение (4 человека и люди стоят)