Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаевдин 2022-жылдын 25-февралындагы тапшырмасынын негизинде, Агенттиктин сайтына киргизүү үчүн маалымат жөнөтөбүз.
Бүгүн 2022-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу менен бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгынын ишке ашыруунун, бул органдарда жоболорду кабыл алып турмушка ашыруунун маселелери боюнча 500 адамга он-лайн кеңешме өткөрүлдү. Он-лайн кеңешмеде суроо жооптор уюштурулуп, Агенттиктин директорунун орун басары Алыкулов Р.М., Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Омурзаков М.Ж., Укуктук камсыздоо секторунун башчысы С.Бакасов жана КР ЖӨБ Союзунун директору Орозбаев Б.И катышты.
2022-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында үч окууда Агенттик тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралып, жактылырды.