Кара-Буура райондук ветеринардык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук инспектор, инспектор, жетектөөчү адис кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт
Кара-Буура райондук ветеринардык башкармалыктын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук инспектор тобун резервке;
– административдик мамлекеттик кызмат орундарынын инспектор тобун резервке;
– административдик мамлекеттик кызмат орундарынын жетектөөчү адис тобун резервке.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) Соттуулугу жок:
4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Административдик мамлекеттик жетектөөчү адис кызмат тобунун квалификациялык талаптар (жетектөөчү адис)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— Жогорку кесиптик билим (баардык тармакта);
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Предметтик мыйзамдар:
• Кыргыз Республикасынын “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы;
Билгичтиги:
— маселелерди чечүү үчүн иновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык кызматташуу.
Көндүмдөрү:
— белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону колдонуу.

Административдик мамлекеттик кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (инспектор)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— Айыл чарбасы тармагындагы ветеринария багыты боюнча жогорку кесиптик билим;
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
Предметтик мыйзамдар:
• Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды жана жаныбарлардын алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун.
Билгичтиги:
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.
Көндүмдөрү:
— белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону колдонуу;
— иштиктүү байланыштын ыкмаларын өздөштүрүү жана жолугушууларды, чогулуштарды өткөрүү.

Административдик мамлекеттик кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (улук инспектор)

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Талас облусу, Кара-Буура району Восточная промзона көчөсү . Сурап билүү телефондор: 0555260602