Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймактык кенеши «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык муниципалдык административдик кызматтын бош орундарына сынак жарыялайт
Жооптуу катчы (башкы кызмат (Г-Б)- 1 орун;
Квалификациялык талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
- 18 жаштан жаш болбоого;
- КР ченемдик – укуктук актыларын билүүсү зарыл;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
- Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word,ЕхсеL,Интернет).
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку кесиптик билим.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы
№ 184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттонунун тартиби” жөнүндө типтүү Жобосу; - адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;
- бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;
- кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 — 2 даана);
- өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө
- документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 9-.30 дан 17.30 чейин тапшыруу керек.
Дареги: Көк-Сай айылы Нукеев көчөсү №20, Көк-Сай айылдык аймагынын кенсеси. Маалымат алуу телефондору: 0553 37 10 50 0700210816