Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Төмөнкүлөрдү билүү: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; 6)“Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому. Улук тобунун административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: 1) “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2) “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Башталгыч кесиптик билим берүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү. билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү. көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. – жеке арызы; – өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4); – резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат); – нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; – соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү. Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Маткадыров көчөсү №2. Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 17-октябрынан тартып 2024-жылдын 29-октябрына чейин саат 18.00 чейин. Байланыш телефону: 0778 07 19 41. кабинет № 5. (райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мамекова Бегайым Тажибаевна). Жарыя mkk.gov.kg жана gvfi.gov.kg сайттарына илинет. Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна конкурска жарыя Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын, Кара-Кулжа райондук ветеринардык башкармалыгы