Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Башкы адис кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин денгээли: – жогорку билим: (Дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодекси; – Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер: – конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт); – дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн); – билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери; – дело (документтер үчүн). Документтер жарыянын тексти сайтка чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 15-сентябрь күнү саат 18-00гө чейин, Ош шаары, О. Акимбаев көчөсү – 5/2 дареги боюнча Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат. Тел.: 03222 4-80-35, 0778 980 687 Квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт. Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат. Жазуулар боюнча багыттоо Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы