Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги 2026-жылдын 24-ноябрынан 3-декабрына чейин административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобу боюнча кадрлар резервин түзүү үчүн конкурс жарыялайт

Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар (Б-А):
1. Билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер (эл аралык мамилелер, юриспруденция) же экономика жана башкаруу (экономика, бизнес-башкаруу, менеджмент) тармагында жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялар:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
5) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.
Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарын билүү:
– Кыргыз Реcпубликасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык Процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик-Процесстик кодекси;
– “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Инвестициялык фонддор жөнүндө”, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө”, 2022-жылдын 10-мартындагы № 75 “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө”, 2021-жылдын 29-январындагы № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыктары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтому менен бекитилген «Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо тартиби», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 «Инвестициялык долбоорлордун артыкчылыктуу ишмердүүлүк түрлөрүн (экономика тармактарын) белгилөө жөнүндө», 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө», 2013-жылдын 7-майындагы № 255 «Кызматтык пайдалануу үчүн маалымат камтылган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө» токтомдору.
Жөндөмдөрү:
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– башка чет тилдерди билүү (артыкчылык берилет);
– ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүүдө жаңычыл ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кол алдындагы кызматкерлер арасында рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагы кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
– маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин эрежелерин сактоо, мамлекеттик жана расмий тилдерде кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды билүү жана колдонуу.
Конкурска катышууга ниет билдирген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат. Арызга тиешелүү документтердин сканерленген көчүрмөлөрү тиркелет.
– жогорку кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документ (негизги жана кошумча билими жөнүндө – бар болсо), тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси жана ага кошумча барактар (бар болсо);
– илимий даражасы же окумуштуулук наамы бар экендигин ырастоочу документ (бар болсо);
– квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (бар болсо).
Талапкер конкурсту өткөрүү мезгилинин ичинде өзүнүн электрондук почта дарегине, ошондой эле «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында көзөмөлдөп турууга милдеттүү.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 24-ноябрынан 3-декабрына чейин (кошкондо), саат 9:00дөн 18:00гө чейин.
Эскертүү: Документтердин толук топтомун тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катышууга киргизилбейт.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот: 30-04-22 (Уюштуруу жана кадр иштери, документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо башкармалыгы).

wpChatIcon