Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2026-жылдын 23-ноябрынан 3-декабрына чейин административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык талаптар: Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: – Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек; – жаш курагы 21 жаштан төмөн болбошу зарыл; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү (2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып — ортодон жогорку деңгээлден (В2) төмөн эмес; – компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү; Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүүсү керек: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы; 7) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Төмөнкү предметтик мыйзамдарды: 1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 2) “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 3) “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 4) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын коституциялык мыйзамын; 5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 7) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 8) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 9) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 10) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 11) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин; АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ТОБУ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Юриспруденция багыты боюнча (Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү) 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим (юриспруденция, экономика, башкаруу); – коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча сертификаттардын болушу артыкчылык болуп саналат. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Билими: – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин; – Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин; – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин (ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн зарыл болгон көлөмдө); – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө”, 2024-жылдын 24-ноябрындагы № 328 “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыктарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2016-жылдын 18-майдагы № 281 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык тобокелдиктерди айкындоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомун; Адам ресурстарын башкаруу багыты боюнча: 1. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку билим (юриспруденция, экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналды башкаруу жаатындагы жогорку кесиптик билим). Юридикалык билиминин болушу артыкчылык болуп саналат. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жыйындысында 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. 3. Билими: – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобону; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомун; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 85 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону; – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 345 буйругу менен бекитилген Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча баракчанын формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин. Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар электрондук форматта “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу же кагаз түрүндө төмөнкү документтерди берүү менен арыз бере алышат: 1) конкурстук комиссиянын төрагасынын атына өзүнүн арызы; 2) кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү (3х4, 4х6); 3) зарыл кесиптик билимин ырастоочу документтер, иш стажы жана квалификациясы (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимин, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын жана илимий наамын ыйгаруу жөнүндө күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү); 4) паспортунун көчүрмөсү; 5) аскердик билеттин көчүрмөсү; 6) тиркөө папкасы (документтер үчүн). Документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын офисинде Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, дареги боюнча № 201 бөлмөдө беш жумуш күн графигин эске алуу менен 2026-жылдын 23-ноябрынан 3-декабрды кошо алганда саат 9.00дөн 18.00гө чейин (тыныгуу – саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефону боюнча (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылса болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти