Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:
– административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш;
2) 21 жаштан кем эмес болууга тийиш;
3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзам тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:
төмөнкүлөрдү билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын;
3)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.
Көзөмөлдөө жана контролдоо башкармалыгынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар
1) Кесиптик билим деңгээли:
– адистиктер (багыттар) боюнча жогорку билим: “Информатика жана эсептөө техникасы”; “Маалыматтык системалар жана технологиялар”; “Колдонмо информатика”; “Программалык инженерия”; “Интернет технологиялары жана башкаруу”; “Компьютердик лингвистика”; “Маалыматтык коопсуздук”; “Колдонмо математика жана информатика”; “Электроника”; “Радиотехника жана байланыш”; бардык багыттар боюнча “Экономика жана башкаруу”; “Юриспруденция”;
2) иш стажы жана иш тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин;
-Кыргыз Республикасынын “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамын;
-“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-ноябрындагы № 755 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарда жана алардын ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 токтому менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлеринин 25-главасын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 384 Санариптик технологиялык системаларда жеке дайындарды иштетүүдө жеке дайындардын корголушунун белгиленген деӊгээлдерине ылайык аларды коргоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө токтомун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 347 токтому менен бекитилген Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартибин;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди.
билгичтиги:
-жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-жеке дайындарды коргоо, маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу;
-жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча корутундуларды даярдоо;
-программалык коддорду аялуу жерлерин аныктоо максатында тестирлөө;
-маалыматтык системалардагы жана уюмдардын коопсуздук системаларындагы аялуу жерлерди аныктоо;
-программалык коддорду жана скрипттерди жазуу;
көндүмдөрү:
-киберкоопсуздук жаатындагы көндүмдөр;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-программалоо, анын ичинде C++, C#, Java, Python, PHP ж.б.;
-Microsoft SQL Server, Oracle, MySQL, PostgreSQL ж.б. маалымат базалары менен иштөө;
-маалыматтык системалар үчүн спецификацияларды жана талаптарды долбоорлоо жана иштеп чыгуу;
-бизнес-процесстерди моделдөө, IDEF0, IDEF3 жана UML методологияларын билүү жана аларды практикалык колдонуу тажрыйбасы.
Көзөмөл жана контролдоо боюнча региондор аралык бөлүмүнүн (Ош ш.) административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар

Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет:
– жогорку кесиптик билиминин (бар болсо, негизги жана кошумча) бар экендигин тастыктаган документ, анын ичинде тиркемелери;
– эмгек китепчеси, анын ичинде толуктоолору менен
– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).
Конкурска катышуу үчүн документтер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта 2026-жылдын 19-ноябрынан 30-ноябрына чейин кошо эсептегенде кабыл алынат.
Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265 А (Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты, экинчи кабат, батыш канаты), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, тел. №: 0 (312) 64-11-74.
Иш убактысы: саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин. Иш күндөрү: дүйшөмбүдөн жумага чейин.
ЭСКЕРТҮҮ: коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга жол берилбейт.
Кошумча маалыматты https://dpa.gov.kg/ сайтынан алууга болот.

wpChatIcon