Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы улук кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Экономика, ишкердикти колдоо, өнөр-жай жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис (1 штат бирдик)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Тоо-кен өнөр жайы, кен казып алуу).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

 – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  4. Кыргыз Республикасынын “Улуттук статистика жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджет жөнүндө” Мыйзамы.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери тарабынан даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорун мыйзам чегинде терең анализдөө, текшерүү, оңдоо;

– жогорку органдардан келген укуктук ченемдик актылардын, тапшырмалардын жана жарандардын арыз даттануулары менен иштөөгө жалпы көзөмөлдү жүргүзүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программаларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

– жеке арызы;

– резюме;

– кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;

– сүрөт 4х6;

– паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

– аскердик билетинин көчүрмөсү;

– өмүр баян (өз колу менен жазылган);

– соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

– эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтери.

Документтер жарыянын тексти сайтка чыккан күндөн тартып 14 календарлык күндүн ичинде (акыркы күнү саат 15-00гө чейин) Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Б.Маткадыров көчөсү – 2, дареги боюнча Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын 3-кабатында кабыл алынат.

Байланыш тел.: 0777 06 99 96, 0705 06 99 96.

wpChatIcon
wpChatIcon