Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы бош турган райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык иштер боюнча жетектөөчү адистик кызмат ордуна конкурс жарыялайт

Дареги: Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын Кара-Кулжа айылы, Б.Маткадыров көчөсү-1. Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын 3-кабаты

Бул жетектөөчү адистик кызматка алуу үчүн төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар коюлат:

Кесиптик билим деңгээли:
жогорку билимдүү болуш керек.

Кесиптик көндүмдөрү:
— жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү керек;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди талаптагыдай билүүсү зарыл;
— укуктук-нормативдик документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде талаптагыдай даярдай алыш керек;
— маалыматтарды топтоп, талдап, системага салып жалпылай алышы керек;
— аналитикалык документтерди даярдай алышы керек;
— өзү тейлеген тиешелүү тармакта ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүп, аларды практикада колдоно алышы керек;
— ченемдик укуктук актыларды практикада колдоно алышы зарыл;
— ишти так пландап, кызматтык убакытты туура пайдалана алышы керек;
— компьютерде керектүү программалар менен талаптагыдай иштей алыш керек;
— иш кагаздарын мыкты өздөштүрө билүү жөндөмү эске алынат.

Төмөндөгүдөй функционалдык милдеттерди аткарат:

Социалдык иштер, кесиптик билим берүү, маданият, басма сөз, кино, ардагерлер, аялдар маселеси, коомдук уюмдар менен иштөө, идеология боюнча тармактарды тейлейт:

жакырчылыктан чыгуу боюнча бардык маселелерге жооп берет;
жакырчылыктан чыгуу боюнча мамлекеттик программалардын, укуктук нормативдик актылардын райондун аймагында аткарылышын көзөмөлдөйт жана анализ жасайт;
калктын аярлуу катмары (майыптар) менен иштөөнү көзөмөлдөйт, аларга мамлекет тарабынан берилген жардамдардын убагында берилишин карайт;
мамлекеттик пособиялардын, мыйзамга ылайык чегерилишин жана төлөнүшүн
көзөмөлдөйт;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине, ооруктун эмгекчилерине, афган согушунун катышуучуларына, чернобыль апаатына катышкандарга, Баткен окуясына катышкандарга, 2010-жылдын апрель окуясына, июнь айындагы Ош, Жалал-Абад окуясына катышкандарга байланышкан маселелер менен иштейт;
көп бала төрөп, тарбиялап өстүргөн аялдарды мыйзам талаптарына ылайык Кыргыз Респуликасынын «Эне данкы» медалына, «Баатыр Эне» орденине көрсөтүү боюнча документтерди даярдап, жогорку органдарга жөнөтүүнү уюштурат;
пенсиялардын мыйзамга ылайык чегерилишин жана төлөнүшүн көзөмөлдөйт;
социалдык камсыздандыруу взносторунун төлөнүшүн көзөмөлдөйт;
калкты жеке учетко алуу ишине көзөмөл жүргүзөт;
жаны жумушчу орундарды түзүү, калктын жумуш менен камсыз болушун көзөмөлдөө иштерине жетекчилик кылат;
ички, тышкы миграциялык иштерге жооп берет;
акы төлөнүүчу коомдук иштерге атуулдарды тартуу ишин уюштурат;
жаштар, аялдар иштерин координациялайт;
жаштарга кесиптик билим берүү ишин координациялайт;
— суу пайдалануучулардын бирикмелеринин ишин көзөмөлдөйт;
— калкты ичүүчу таза суу менен камсыз кылуу маселесин карайт;
— ИСКАКБлардын ишин көзөмөлдөйт.
райондун аймагындагы маданият тармагынын ишине толук жооп берет;
райондун аймагында уюштурулган маданий иш чаралардын бардыгын көзөмөлдөйт;
туризм багытындагы иштерге жооп берет;
кино маселесин көзөмөлдөйт;
жергиликтүү басма сөз кызматынын ишин координациялайт;
райондун аймагында жасалып жаткан иштер боюнча массалык маалымат каражаттарына материалдарды берүүнү жүргүзөт;
жергиликтүү басма сөзгө жазылууну, калкты гезит, журналдар менен убагында камсыз кылууну жана өкмөттүк, областтык, райондук гезиттерге жазылууну уюштурат.
гендердик тендештик маселелерин координациялайт ;
жарандарды, мамлекеттик кызматкерлерди укуктук жактан окутуу ишин уюштурат жана элге укуктук жактан билим берүү боюнча иштерди уюштурат;
коомдук уюмдар (ардагерлер кенеши, аялдар кенеши, жаштар комитети, көчө, кварталдык комитеттери, жамааттык уюмдар, өз ара жардамдашуу топтору, проюсоюз уюмдары) менен иштейт жана алардын ишин координациялайт.

Калкты социалдык жактан коргоого, маданиятка, басма сөзгө, киного, туризмге, жаштарга кесиптик билим берүүгө, аялдарга, ардагерларга, коомдук уюмдарга, гендердик маселеге, ички, сырткы миграцияга жана калкты ишке орноштурууга, ичүүчү таза сууга байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик жана улуттук программаларды райондун аймагында турмушка ашыруу ишин уюштурат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, аткарылышынын жүрүшү боюнча анализ жүргүзөт.

Бул конкурска катышуу үчүн адистер төмөндөгүдөй документтерди тапшыруусу зарыл:
— конскурстук комиссиянын төрагасынын наамына арыз;
— кадрдын өздүк барагы;
— 6 х 9 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөтү;
— нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү(эмгек стажы бар болсо) ;
— нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча дипломдорнун көчүрмөсү;
— резюмеси (электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— өмүр баяны;
— соттолбогондугу боюнча маалымат;
ден соолугу боюнча тийишт\\ медициналык мекемелердин (жугуштуу жана психикалык оорулар менен оорубагандыгы боюнча) маалыматы;
— паспортунун көчүрмөсү.

Бул документтер райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисине конкурс жарыяланып чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде (акыркы күнү саат 15-00гө чейин) тапшырылыш керек. (Эскертүү: Конкурска катышууну каалаган талапкерлер тийиштүү документтерин тапшыргандан кийин комиссия тарабынан квалификациялык талаптарга жооп бере тургандыгы аныкталган талапкерлерге конкурстун өткөрүлө турган күнү кошумча маалымдалат).

Конкурс биринчи Ош шаарындагы тестирлөө борборунда өткөрүлөт. Андан жетиштүү балл ала алган талапкерлер райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы бош турган кызмат орундарына конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиядан конкурстан өтүшөт.