Улук административдик кызмат ордуна
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Гуманитардык, Ветеринардык, Финансылык экономикалык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жогорку билим;
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №120 токтому;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”Конституциялык мыйзамы;
- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
- “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
— Билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Кенже административдик кызмат ордуна
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Гуманитардык, Ветеринардык, Финансылык экономикалык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талаптар коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №120 токтому;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”Конституциялык мыйзамы;
- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
- “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
- “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
— Билгичтиги:
Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерди иштиктүү кат алышуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тийиштүү документтер:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 2 жуманын ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат.
Адреси: Кара-Суу шаары, Ж.Аматов көчөсү 2, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 3-кабат.
Телефондор: (03232) 5-19-65, 0558 28-45-45