Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 жарлыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жардамы менен райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо максатында жыл сайын “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кубогу” республикалык кичи-футбол боюнча облустук деңгээлде турнирди уюштуруу жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан судьялык коллегия түзүлгөн.

Судьялык коллегия өзүнүн отурумун өткөрүп, программалары түзүлүп,  кичи-футбол турнири         2022-жылдын 21-июнунда Ош облустук  балдар өспүрүмдөр мектебинин спорттук  залдарында өткөрүлдү. Кичи-футбол боюнча турнирге Ош облусунун 6 районунан келген командалар катышып, ачылуу аземине  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныкулов Данияр Торогазиевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зикиров Таалайбек Мамаевич, Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Жээнбеков Мурзаибрагим Мамасадыкович катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Кичи-футболдук турнирдин жыйынтыгы менен 3-орунду Ноокат району, 2-орунду Алай району, ал эми 1-орунду жана республикалык деңгээлдеги кичи-футбол боюнча мелдешке жолдомону Кара-Суу району утуп алды.