КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары-Агенттик) 2021- жылы аткарылган иштери жана максаттары тууралуу бир жылдык кеңешмеси өттү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы — Эргешов Алтынбек Калдарович жана тармактык бөлүм башчылары, өкүлдөрү катышты.
Кеңешмени Агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич алып барууда.
Аткарылган иштер жана пландар тууралуу баяндамачылар:
1). Исаматов Данияр Маратович, Агенттиктин директорунун орун басары.
2). Алыкулов Рамис Муратбекович, Агенттиктин директорунун орун басары.
3). Закиров Таалайбек Мамаевич, Агенттиктин Ош, Жалал- Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси.
Ошондой эле, аймактардагы өкүлчүлүктөр онлайн форматта кеңешмеге катышты.