КР ӨКМдин Өзгөчө кырдалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, ваканттык мамлекеттик жарандык бош кызмат орундары на ачык конкурс жарыялайт:

П. Экзогендик процесстерди изилдөө бөлүмү:

Башкы адис (У-Б)  – 1 бирдик; 

(жайгашкан орду – Ош ш.)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, геофизика жана гидрогеология тармагындагы жогорку инженердик техникалык билим; табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, физика-математика илимдери; курулуш;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;

-“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиясынын жобосу”, 2021-жылдын 10-мартындагы №87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери  жөнүндө», 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”,  2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 12-июнундагы № 407 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө” токтомдорун.

3.2.Билгичтиги:

— изилдөө технологиялары жана ыкмалары боюнча билими;

— маалыматтарды жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо боюнча билими;

— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл;

3.3. Кызматтык милдеттери:

— кооптуу процесстерди (анын ичинде экзогендик) изилдөөлөргө катышат, кооптуу табигый процесстер менен кубулуштар күтүлүүчү жана болуп өткөн аймактарды изилдейт жана көзөмөл жүргүзөт;

— өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрү боюнча компьютердик-картографиялык маалымат базасын түзөт;

 

  1. II. Экзогендик процесстерди изилдөө бөлүмү

Жетектөөчү адис (К-А) – 2  бирдик:

(Жайгашкан орду –1 бирдик Кербен ш. Аксы р-ну, 1-бирдик  Ош ш.)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, экология, геофизика жана гидрогеология тармагындагы жогорку инженердик техникалык билим; табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, физика-математика илимдери; курулуш, информатика жана эсептөө техникасы;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;

-“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиясынын жобосу”, 2021-жылдын 10-мартындагы №87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери  жөнүндө», 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 12-июнундагы № 407 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө” токтомдорун.

 

3.2. Билгичтиги:

— изилдөө технологиялары жана ыкмалары боюнча билими;

— маалыматтарды жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо  боюнча билими;

— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл;

3.3. Кызматтык милдеттери:

— кооптуу процесстерди (анын ичинде экзогендик) изилдөөлөргө катышуу, кооптуу табигый процесстер менен кубулуштар күтүлүүчү жана болуп өткөн аймактарды изилдөө жана көзөмөл жүргүзүү;

— өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрү боюнча компьютердик-картографиялык маалымат базасын түзүүгө катышуу;          

 

III. Геотобокелдиктерди баалоо бөлүмү

Жетектөөчу адис (К-А) — 1 — бирдик :

(жайгашкан орду -Ош ш.)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, экология, геофизика жана гидрогеология тармагындагы жогорку инженердик техникалык билим; табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, физика-математика илимдери; информатика жана эсептөө техникасы.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;

— “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиясынын жобосу”, 2021-жылдын 10-мартындагы №87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери  жөнүндө», 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 12-июнундагы № 407 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө” токтомдорун.

3.2.Билгичтиги:

— ГИС технология, Adobe Photoshop, Corel Draw, Internet  программалары боюнча билими;

— жабдуулар менен иштөө жөндөмдүүлүгү;

— компьютердик картографиялык иштерди жүргүзүү, топографиялык карта менен иштөө билими;

— демилгелүү, жоопкерчиликтүү,  командада иштөө жөндөмү болушу зарыл

3.3.Кызматтык милдеттери:

— геомаалыматтык система технологияларынын жардамы менен табигый кубулуштардын болжолдуу таасирлерин анализдеп, картографиялык мейкиндикте моделдештирүү;

— табигый процесстер менен кубулуштар пайда болгон аймактарга мобилдик геомаалымат системалардын жаңы технологияларын колдонуу менен аралыктан көзөмөлдөөнү аткаруу;

— компьютердик-картографиялык жумуштарды өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

— кадрларды каттоо баракчасы, резюме;

— паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

— жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн); 

— өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты  

  көрсөтүү менен);

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер жарыя чыккан күндөн 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат:

Дареги: Ош шары, Муминова көчөсү-11, 212  кабинет, тел: (0558) 789865

Бишкек  шаары, Осмонкул көчөсү-128, 2-этаж КР ӨКМдин ӨКМЖБД.