КР ӨКМине караштуу калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментти.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку, техникалык илимдер, өзгөчө кырдаалдарда коргоо.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1 Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— “Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
— “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”;
— “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын”.
-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
3.2 Билгичтиги:
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
— өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3 Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
— тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
— жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.
- Кызматтык милдеттери
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
— жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;
— кызматтык этика ченемдерин сактоо;
— мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо;
— ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;
— жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү, ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4 4 даана;
— паспорттун көчүрмөсү;
— эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.
Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 10-июнуна чейин кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл.
Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00.