КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптарды белгилейт:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку, техникалык илимдер, өзгөчө кырдаалдарда коргоо.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1 Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
- “Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
- “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;
- “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”;
- “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын”.
- Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
3.2 Билгичтиги:
- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
- -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
- өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3 Көндүмдөрү:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
- тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
- жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.
- Кызматтык милдеттери
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;
- кызматтык этика ченемдерин сактоо;
- мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо;
- ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;
- жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү, ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
- арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4-4 даана;
- паспорттун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.
Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 2024-жылдын 21-апрелине чейин кечиктирбестен Кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу керек.
Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00.