кенже кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажга талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; – Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жɵнүндɵ”, “Аскердик жана альтернативдик кызматтар жɵнүндɵ”, “Согуштун, куралдуу күчтɵрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жɵнүндɵ” мыйзамдарын билүусү зарыл. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын 1-августуна чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:Ысык-Көл району, Корумду айылы, Орозов көчөсү 100. Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Атк.:Төлөгөнов Э.К-0708709401 Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Кɵл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: Түп районунун Санташ айыл ѳкмѳтү муниципалдык административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө карата кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт