ЖАРЫЯ КОНКУРС!!!
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.

Административдик кызматтардын башкы топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси
5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
9. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

Административдик кызматтардын улук топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
1) Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2) Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды (Word, Excel) колдоно билүү, анын ичинде төмөнкү билгичтик:
—презентацияларды уюштуруу;
—издөө системаларын колдонуу;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.

Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын анализ жүргүзүү жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысына коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
-экономика жана финансы тармагындагы жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
– Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, КР «Кен байлыктар жөнүндө», “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Мамлекеттик жарандык кызматтын улук тобу үчүн:
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын анализ жүргүзүү жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адисине коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1. кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана финансы, юридикалык тармагындагы жогорку билим.
2. иш стажы жана тажрыйбасы:
жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодекси, “Билим берүү жөнүндө” “Мектепке чейин билим берүү жөнүндө”, «Мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча» Мыйзамдарын тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү.
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын анализ жүргүзүү жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адисине коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодекси, “Билим берүү жөнүндө” “Мектепке чейин билим берүү жөнүндө”, «Мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча» Мыйзамдарын жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) өзүнүн кесиптик ишинин жана адистигинин багытын, талапкер эмгектенүүнү пландаган районду (жерди) көрсөтүү менен электрондук форматта өтүнмө берет;
2) жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун ырастайт;
3) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
—Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
—кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, сүрөтү менен;
— форма боюнча сүрөтү менен резюме (электрондук почтасы жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
—негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (түп нускасы документтерди тапшырууда көрсөтүлөт);
— акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2026-жылдын 24-сентябрына саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Ак-Суу айылы, Ленин көчөсү, 154, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 1,2-кабинет
Байланыш телефону: 0700-900-918, 0707-511-935.

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

 

wpChatIcon
wpChatIcon