Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын: I.Жарандык административдик кызмат орундарынын башкы тобуна (Бишкек ш. – 1-бирдик): 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидротехникалык курулуш; гидротехникалык курулмалар; гидромелиорация; айыл чарба объекттерин суу менен камсыз кылуунун, обводдоонун жана суу агызуунун инженердик системалары; суу ресурстары жана суу пайдалануу; суу ресурстарын башкаруу; суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо; жерлерди мелиорациялоо, рекультивациялоо жана коргоо; жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу; суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу; гидрогеология; гидрология; архитектура жана курулуш; өнөр жайлык жана жарандык курулуш 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; – «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндө жобону; – Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. МСН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлонун негизги жоболору (МСН 3.04-01-2005, СНиП 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону СНиП 2.06.15-85; Гидротехника. Негизги түшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар. 3.2) Билгичтиги: – коргоо курулмаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларды, көрсөтмөлөрдү жана методикалык материалдарды билүү; – аткарылуучу иштердин түрлөрүн, өндүрүштүн технологиясынын негиздерин жана уюмдун өндүрүштүк пландоосун уюштуруун билүү; – оңдоо-курулуш иштеринин өндүрүштүк программаларын жана календарлык графиктерин иштеп чыгуунун тартибин билүү; – эмгекти коргоо, коопсуздук чаралары, өрткө каршы эрежелерди жана ченемдердин билүү; – долборлоо сметалык документтерди түзүү, чиймеп чийүү; – селди коркунучсуз өткөрүү үчүн коргоочу курулмаларды өз убагында даярдоо жана кырсыктан алдын ала сактоону, же кырсыкты жок кылуу үчүн иш чараларды өткөрүү; – дефекттүү актылар, сметаларды жана иш чаралар боюнча зарыл жумуштар түзүү; – аналитикалык иш-кагаздарды түзүү; – презентация жасоого жөндөмдүү. 3.3) Көндүмдөрү: – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоноо билүү; – геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткү түшүрүү. II. Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Бишкек ш. – 2-бирдик, Талас ш. – 1-бирдик, Каракол ш. –1 бирдик): 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; 3)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 5)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 6)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидротехникалык курулуш; гидротехникалык курулмалар; гидромелиорация; айыл чарба объекттерин суу менен камсыз кылуунун, обводдоонун жана суу агызуунун инженердик системалары; суу ресурстары жана суу пайдалануу; суу ресурстарын башкаруу; суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо; жерлерди мелиорациялоо, рекультивациялоо жана коргоо; жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу; суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу; гидрогеология; гидрология; жерге жайгаштыруу жана кадастр; агроинженерия; геодезия жана жерге жайгаштыруу; архитектура жана курулуш; өнөр жайлык жана жарандык курулуш; өзгөчө кырдаалдардан коргонуу 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндөгү жобосу”; – Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар. 3.2. Билгичтиги: – толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер); – объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү; – технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү; – Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу; – техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү; – аналитикалык иш – кагаздарды түзүү; – презентация жасоого жөндөмдүү 3.3.Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата. III.Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу: Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет. – жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен; – илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо). Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү. Документтер 2026-жылдын 4-ноябрынан тартып 18-ноябрына чейин кабыл алынат. Талас шаары, Ч.Айтматов көч. 370, Талас облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0559112396; Бишкек шаары, Осмонкула көч. 128, Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0550943239; Каракол шаары, Алыбаков көч. 87, Ысык-Көл облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0551227219; Бишкек шаары, Манас проспекти,101/1, 1 кабат, 103 кабинет, тел.: 0558112400 кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg) сайттарынан алса болот. Эскертүү: Белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана документтерди жана маалыматтарды толук көлөмдө тапшырбаган жарандар конкурска катышууга киргизилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын мамлекеттик жарандык кызматынын административдик кызмат орундарынын башкы тобунун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Айтматов районунун Чолпонбай айыл өкмөтү “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде башкы жана улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт