Айтматов районунун Чолпонбай айыл өкмөтү “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде башкы жана улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Айтматов районунун Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт: муниципалдык кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2) 18 жаштан жаш болбоого; 3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу (айыл өкмөттүн башчысынын орун басары) (Б-А) – 1 штаттык бирдик 1) кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси; “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Ички жер которуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. адам ресурстарын башкаруу жаатында; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө” токтому менен белгиленген деңгээлде билүү; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Административдик кызмат орундарынын улук тобу (айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар, материалдык баалуулуктардын эсебин жүргүзүү боюнча башкы адис) (У-Б) -1 штаттык бирдик Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим (Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификат артык); 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодекси; “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө” токтому менен белгиленген денгээлде билүү; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо; аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо; укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү; Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек: өзүнүн арызы; резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (түп нускасын көрсөтүү менен); эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо түп нускасын көрсөтүү менен); илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат; Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 4-ноябрынан 2026-жылдын 16-ноябрына чейин онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы