Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин

кадр резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

УЛУК ТОПТОГУ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА БЕКИТИЛГЕН ТАЛАПТАР

  1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундун улук тобуна:
    • кесиптик билимдин деңгээли:жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу; бухгалтердик эсеп жана аудит багыттары боюнча.
    • иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
    • жалпы мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы;Кыргыз Республикасынын  Мыйзамдары – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы; “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
    • предметтик мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары – “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин  Жарлыгы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому.
    • билгичтиги: каржы жана мерчемдөө отчетторун даярдоо жөндөмдүүлүгү; сметаны түзүүнү билүү; эсеп жана отчеттуулуктун туура эмес жүргүзүлүшүнүн алдын алуу боюнча иш-чараларын уюштуруу; каржылоо ишмердүүлүгүн жана иш кагаздарды жүргүзүү эрежелерин алып баруу; “1С-бухгалтерия” программасын билүү.
    • көнүмдөрү:ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этика ченемдерин жана ыкмаларын билүү.

 

  1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундун улук тобуна:
  • кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча:техникалык илимдери; экономика жана башкаруу; информатика жана эсептөө техникасы; өзгөчө кырдаалдарда коргонуу; техносфералык же өрт коопсуздугу багыттары боюнча.
  • иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  • жалпы мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы;Кыргыз Республикасынын  Мыйзамдары – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы; “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
  • предметтик мыйзамдары:  Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары – “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө”.
  • билгичтиги: мамлекеттик башкаруу, адамдык ресурстарды башкаруу тармагындагы тажрыйбасы болушуна артыкчылык берилет; кадр менеджментин билүү;өзгөчө кырдаалдар учурунда иштөөгө физикалык чыдамкайлуулуугу; чоң көлөмдүү маалыматтар менен иштөө жана жогорку турган башчылардын тапшырмаларын сапаттуу аткаруу жөндөмдүүлүгү.
  • көнүмдөрү: ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этика ченемдерин жана ыкмаларын билүү.

 

Конкурска катышууну каалаган жарандар 2026-жылдын 26-ноябрына чейин                     “Е-кызмат” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу:

  • электрондук форматта өтүнмө беришет;
  • Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жанан иштетүүгө макулдугун тастыктайт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка кабыл алуу үчүн тастыктайт;

Өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерленген) төмөнкү документтер тиркелет:

  • жеке арызы;
  • резюме;
  • негизги жана кошумча билимин ырастаган документтер;
  • эмгек китепчеси;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер.
  • документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “Е-кызмат” мамлекеттик поталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда, тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
wpChatIcon
wpChatIcon