Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштеши жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Ысык-Көл районунун Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт.

  1. Кадрлар резервине киргизилүүчү талапкерлерге коюлуучу жалпы талаптар:
  1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  2. 18 жашка толгон болууга;
  3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө;
  4. «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээли орто деңгээлден (В1) төмөн болбоого;
  5. Компьютердик сабаттуулукка жана зарыл болгон программалык продуктыларды (Windows, Word, Excel, PowerPoint), «ТОКТОМ Мамлекеттик программасы» маалыматтык-укуктук тутумун жана «е-Kyzmat» системасын колдоно билүүгө.
  1. Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобу боюнча квалификациялык талаптар

(Башкы адис – юрист):

  • Жогорку юридикалык билимге ээ болуу;
  • Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы иш стажы кеминде 1 жыл же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы кеминде 3 жыл болуу.
  1. Негизги тестирлөө үчүн милдеттүү түрдө билүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылар:
  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.
  1. Предметтик тестирлөө үчүн милдеттүү түрдө билүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылар:
  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Тынч чогулуштар жөнүндө» Мыйзамы.
  1. Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруунун тартиби

Конкурска катышууга ниет билдирген талапкерлер мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын https://kyzmat.gov.kg/ дарегиндеги жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат.

Арызга төмөнкү документтердин сканерленген электрондук көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш:

  • Жогорку кесиптик билими жөнүндө документ (негизги жана кошумча билими бар болсо, аларды тастыктаган документтер), тиркемелери менен бирге;
  • Эмгек китепчеси, анын кошумча барактары менен бирге;
  • Илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (бар болсо);
  • Квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (бар болсо).

Документтер 2026-жылдын 2-ноябрдан 11-ноябрына чейин кошо алганда электрондук форматта кабыл алынат.

Маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

  • 0394 34 88 48
  • 0702 29 47 39

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга жол берилбейт.

 

wpChatIcon
wpChatIcon