Кенже кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажга талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жɵнүндɵ”, “Аскердик жана альтернативдик кызматтар жɵнүндɵ”, “Согуштун, куралдуу күчтɵрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жɵнүндɵ” мыйзамдарын билүусү зарыл. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – конкурстук комиссиянын тɵрагасынын атына жазылган жеке арызы; –кадрларды каттоо баракчасы; – 3х4 ɵлчɵмүндɵгү сүрɵт – паспорттун кɵчүрмɵсү(оригиналы сынакка келген маалда кɵрсɵтүлɵт) – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – жогорку билиминин тастыктаган дипломунун кɵчүрмɵсү (нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлүшү керек) – эмгек китепчесинин кɵчүрмɵсү (нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлүшү керек) Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндɵн тартып 10(он) жумушчу күндүн ичинде Корумду айылынын Орозов кɵчɵсү №100 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн тɵмɵндɵгү телефондорго кайрылыңыздар. (03943) 30-0-19, 0708709401 Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көл районунун Бостери айыл Өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна кадрлардын ички резервин түзүү үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ: Ысык-Кɵл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: