Жалал-Абад регоиналдык башкармалыгынын кенже кызмат орундары үчүн:
(Экологиялык мониторинг бөлүмү адис )
кесиптик билим деңгээли:
Табигый илимдер, гуманитардык илимдер, юриспруденция, техникалык илимдер жана башка тармактар боюнча жогорку билим
Кенже кызмат орундары үчүн:
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү боюнча төмөнкү мыйзамдарды билүү:
— негизги мыйзамдар: КРнын Конституциясы, “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
— тармактык мыйзамдар: КРнын «Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамдары.
Талап кылынуучу документтер:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:
Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, З.Жамашев көчөсү, 2
Тел.: (03722) 4-05-11, (0553) 201 588
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.