Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: 1. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку экономикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт. Жалпы мыйзамдарды билүүсү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Предметтик мыйзамдарды билүүсү: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин. – Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын: – “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; – “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-п буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобону; Топко тиешелүү көндүмдөр: Билгичтиги: – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгу – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практикада колдоно билүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word,Excel) Интернет, 1С программасын. – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арыз; – сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү; – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу убактысы: 2024-жылдын 14-октябрынан баштап 25-октябрын кошо алган күнгө чейин саат 9:00-17:00 чейин. Документтерди кабыл алуу орду: Бишкек шаары, Манас проспектиси 28, 5-кабат, 505а кабинети. Байланыш номери 0555-67-19-62, 0770-67-19-62 ватсапп, (0312)31-25-47 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти