Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын БАШКЫ (башкармалыктын башчысы, бөлүмдүн башчысы) жана УЛУК (сектордун башчысы, башкы адис) административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2026-жылдын 21-сентябрынан тартып 1-октябрына чейин ачык конкурс жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – гуманитардык илимдер, «экономика жана башкаруу», педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы; 3) жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: -«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы. 4) билгичтиги: – 2025-жылдан баштап мамлекеттик тилди билүү – (В1) орточо деңгээлинен төмөн эмес, ал эми 2027-жылдан – (В2) ортодон жогору деңгээлинен кем эмес; – мыйзамдарда каралган учурларда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү расмий тилди билүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) менен иштөө көндүмдөрүн билүү; – компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү; – компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү; – статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү. – тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө. – файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана оңдоо). – тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу. – диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө). – компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматтарды издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл.почта ж. б): – электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү. – ар кандай браузерлер менен иштөө. – кеңсе техникасы менен иштей билүү. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -гуманитардык илимдер, «экономика жана башкаруу», педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: билими: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: -«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы. 4) билгичтиги: -2025-жылдан баштап мамлекеттик тилди билүү – (В1) орточо деңгээлинен төмөн эмес, ал эми 2027-жылдан – (В2) ортодон жогору деңгээлинен кем эмес; -мыйзамдарда каралган учурларда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү расмий тилди билүү; -кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) менен иштөө көндүмдөрүн билүү; -компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү; -статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү. -тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө. -файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана оңдоо). -тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу. -диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө). -компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматтарды издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл.почта ж. б): -электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү. -ар кандай браузерлер менен иштөө. -кеңсе техникасы менен иштей билүү. Конкурска катышууга ниет билдирген талапкерлер арызды «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта бере алышат: https://kyzmat.gov.kg/. Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө) тиркелет: — жогорку кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документ (негизги жана кошумча билими – болгон учурда), тиркемелери менен; —эмгек китепчеси, анын тиркемелери менен; — илимий даражасы же илимий наамы жөнүндө документ (болгон учурда); — квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (болгон учурда). Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257. Кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 21-сентябрынан тартып 1-октябрына чейин Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, (КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмекова А.) Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти