Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик                       2022-жылдын 6-июлунан тартып резервисттердин керектүү санын топтолгондугуна байланыштуу, айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлардын резервине кабыл алуу боюнча сынактан тышкары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлардын региондук резервине киргизүү үчүн, ошондой эле республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлардын муниципалдык резервине киргизүүгө  конкурска катышуу үчүн жарандардан документтерди кабыл алууну убактылуу токтотот.

Жогоруда аталган резервдерге катышуу үчүн жарандардан документтерди кабыл алууну кайра баштоо тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.