Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн
жетектөөчү адиси
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
— Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Конкурстук комиссиянын атына арыз;
- Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы сүрөтү менен;
- Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Резюме;
- Паспорттун көчүрмөсүн;
- Дипломдун көчүрмөсү, мамлекеттик нотариалдык тастыкталган ;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариалдык тастыкталган;
- Квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү (эгерде болсо);
- Компьютердик билимин тастыктаган документтер (бар болсо);
- Сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
- Соттуулугу тууралуу тактама:
Керектүү документтерди 2021-жылдын 27-сентябрь саат 18.00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот.
720100, Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү-1, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору. Байланыш телефону: (03622) 5-01-54; 5-00-04