Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия административдик кызмат орундарынын кенже жана улук топторун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Административдик кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)»Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3)»Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)»Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)»Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)»Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
-Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программаларга ээ болуу (Word, Excel, «Токтом Мамлекет Про»Маалыматтык-укуктук системасы).
1.Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
-медициналык, биологиялык;
-химия, биология, ветеринария, айыл чарба;
-коомдук-гуманитардык;
-физика-математикалык, техникалык, география, геология;
-жогоруда аталган багыттар боюнча окумуштуулук даражанын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
-илимий-педагогикалык иш стажынын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жобону;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө», «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө», «Диссертациялык кеңеш жөнүндө», «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө» Жобону.
Жѳндѳмдүүлүк:
•маалымат чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
•аналитикалык документтерди даярдоо;
•тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
•кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
•ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
•жаңы эмгек шарттарына көнүү;
•ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
•ишти пландаштыруу жана иш убактысын туура бөлүштүрүү;
•башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.
2.Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
-медициналык, биологиялык;
-химия, биология, ветеринария, айыл чарба;
-коомдук-гуманитардык;
-физика-математикалык, техникалык, география, геология;
-жогоруда аталган багыттар боюнча окумуштуулук даражанын болушу (артыкчылык болуп саналат).
Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенциялар:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө», «Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө», «Диссертациялык кеңеш жөнүндө», «Эксперттик кеңеш жөнүндө» Жоболорду билүү.
Жѳндѳмдүүлүк:
•жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
•документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
•тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
•кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
•жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
•командада иштөө;
•ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
-автобиография (соттолгондугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-жеке арыз;
-кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;
-паспорттун көчүрмөсү;
-зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү);
-жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, жыйноого жана иштеп чыгууга талапкердин макулдугу;
-сунуштама кат (кошумча маалымат).
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Документтер 2023-жылдын 11-апрелинен 21-апрелине чейин “Конкурска” деген белги менен кѳктѳмѳдѳ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссияга жөнөтүлөт, дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 365А, № 210 каб.
Бардык суроолор боюнча (312) 64-11-31 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Кошумча маалымат төмөнкү сайттарда жайгаштырылган: www.mkk.gov.kg, www.vak.kg