Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен КР Президентинин Ош облусудагы өкүлчүлүгү биргеликте Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата иш чара уюштурушту
Майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында өткөрүлдү. Иш чарага Президенттин облустагы өкүлү Эльчибек Джантаев, Агентиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Саадат Туйгунова катышты.
Жыйында облус жетекчиси Эльчибек Джантаев менен башкармалыктын башчысы Саадат Туйгунова куттуктоо сөздөрүн айтышып, мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгү жеңил эмес экенин, бул тармак ишке өзгөчө берилгендикти жана ар тараптуу кесипкөйлүктү талап кылынаарын жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү милдетин аткарууда мамлекеттик кызматкерлердин эмгегинин ролу эң маанилүү экенин баса белгиледи.
Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгы ушундай эле иш чараны Ош шаарынын имэриясы менен биргеликте дагы өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусу менен Ош шаарына социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.