Мамлекеттик кадр кызматында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлерине сыйлык тапшырылды

        КР Мамлекеттик кадр кызматында көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер, мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын ардагерлерине сыйлык тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземинин алдында КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев сөз сүйлөп, өз сөзүндө ар бир сыйлыктын ээсинин эмгеги баалангыс экендигин билдирип, жаңы мамлекеттик кадр саясатын жүзөөгө ашырууда ардагерлердин салымы зор экендигин белгилей кетти.
        КР Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен советтик жана кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жаңыл Түмөнбаева сыйланды.
      “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын Отличниги” төш белгиси менен төмөнкү ардагерлер сыйланышты .
— Садыкбек Аблесов, КР эмгек сиңирген куруучусу;
— Төлөбек Өмүралиев, жергиликтүү жана мамлекеттик башкаруунун ардагери;
— Кыдырма Орозалиев, КР транспортунун эмгек сиңирген кызматчысы;
— Мырзаибрагим Жээнбеков, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер;
— Абиш Халмурзаев, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер.
      Сыйлык тапшыруу аземинен соң, мамлекеттик кызматтын ардагерлери, мамлекетибиздин көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери сыйлык үчүн Мамлекеттик кадр кызматына ыраазычылыктарын билдиришти.

        КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы