Мамлекеттик кадр кызматынын эмгек жамааты ишембиликке чыгышты Бүгүн, 2021-жылдын 18-сентябрында КР Мамлекеттик кадр кызматынын эмгек жамааты ишембиликке чыгышты. Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери “Кыргызстан жана Орусия элдеринин достугу” сейил бакчасын таштандылардан тазалашты. Өткөрүлүп жаткан ишембиликтин негизги максаты – борбор калаабыздын көчөлөрүнүн тазалыгын камсыз кылуу болуп саналат. МКК кызматкерлери шаарыбыздын көркүн сактоо үчүн мындай ишембиликтерди ар дайым өткөрүп туруу зарыл экендигине маани беришип, иш жүзүндө ар ишембиликке активдүү катышып келишет. КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2022-2023 окуу жылына JDS программасы боюнча окууга кабыл алуу башталганын жарыялайт JDS долбоору боюнча “Ала-Тоо” маалымат программасынын жаңылык сюжети