Мамлекеттик кадр кызматы Бириккен Араб Эмирликтери менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын чыңдоо багыты боюнча кызматташтыгын баштады

      Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский 2021-жылдын 14-октябрында онлайн форматында Бириккен Араб Эмирликтеринин Премьер-министринин Кеңсесинин долбоордук менеджери Унуд Аднан менен жолугушуу өткөрдү.
      Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский БАЭнин өкүлдөрү менен жылуу учурашып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын окутуу тутуму жөнүндө маалымат берди.
       Өз кезегинде БАЭнин Премьер-министринин Кеңсесинин долбоордук менеджери Унуд Аднан Бириккен Араб Эмирлигинин кызматчыларынын окутуусунун методикасы жана тематикасы боюнча презентациясын тартууларды.
      Тараптар кадрларды даярдоодогу кызматташтыкты чыңдоо, айрыкча Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына ар кандай темалар боюнча бир катар тренингтерди өткөрүүгө макулдашышты.

       КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы