Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык муниципалдык административдик кызматтын бош орундарга сынак жарыялайт

1.Жер,турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис-1 орун

  Функционалдык милдеттери:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы –айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан айыл-чарба багытындагы сугат, кайракы айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлер, үрөөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды,  тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин уюштуруу.   

Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • КР ченемдик – укуктук актыларын билүүсү зарыл;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютерде иштөө тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).

Кесиптик билимдин деңгээли:

  Жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

 Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

2.Киреше боюнча жетектөөчү адис 1-орун;

Функционалдык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

финансы –бюджеттик жана салык мыйзамдарын билүүсү;

— бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү,чарбакер субьекттер-салык төлөөчүлөр менен иштөө;

       Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • КР ченемдик – укуктук актыларын билүүсү зарыл;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  • Компьютерде иштөө тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).

     Кесиптик билимдин деңгээли:

-Экономика  жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

     Иш стажы жана тажрыйбасы:

-Иш стажына талаптар коюлбайт

 

    Сынакка  катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;

— бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

— кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 — 2 даана);

— өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

 

      Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

 

     Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 10 жумушчу  күндүн ичинде саат 09-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек. Дареги:   Манас району, Покровка айылы М.Койашов к.,№27 Покровка  айыл өкмөтүнүн имараты Тел. (03459 2-24-30); 0778 41-11-55